Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-февралынан 16-февралына караган түнү "Изюм" аталышындагы ресто-барда белгисиз адамдар 44 жаштагы Т.А. аттуу жаранды бычактап кетишкен. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. 17-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Б.М. кармалган. Ал эми 3-март күнү жогорудагы кылмышка шектелгендердин дагы бири 1984-жылы туулган Р.Н. (сүрөттөгү адам) колго түшкөн. Ал К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда кармалгандар тергөө абагына киргизилишип, иликтөө иштери жүрүүдө.