Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-мартта 128 жаранга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Сыйлык алчулардын катарында маданият ишмерлери, акын-жазуучулар жана башкалар бар.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 31-декабрда Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.