Жазуучу Кеңеш Жусупов II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Сыйлыкты президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында тапшырды. Ал эми II даражадагы "Манас" ордени менен 7 адам сыйланды. Алардын арасында экс-министр Алтынбек Максүтов, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана башкалар бар.