"Азия MIX" КВН курама командасына Данакер ордени берилди

"Азия MIX" КВН курама командасына Данакер ордени берилди. Орденди президент Алмазбек Атамбаев тапшырды. Аземге КВН курама командасынын мүчөлөрү катышты.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 31-декабрда Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Бүгүн сыйлыктар ээлерине тапшырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BekAmir
2017-03-06 14:39:04
Туура Азия микс татыктуу. Сыйлыгынар кут болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан