Режиссёр Мирлан Абдыкалыковго "Даңк" медалы тапшырылды

Режиссёр Мирлан Абдыкалыков "Даңк" медалы менен сыйланды. Медалды президент Алмазбек Атамбаев тапшырды. "Даңк" медалы башка 11 адамга берилди. Алардын арасында тарыхчылар, археологдор, композиторлор бар.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 31-декабрда Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Бүгүн сыйлыктар ээлерине тапшырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azamat_15
2017-03-06 13:17:11
Бул баягы ылай тешкен балабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан