"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин жоопко тартылышын талап кылышууда. Алар бүгүн, 6-мартта Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Активисттер "Улуттун генофонду коркунучта!" "СДПК уурулардын уюгубу?", "Т.Батыралиев ууру жана алдамчы", "Уурунун орду түрмө!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.
Аталган уюмдун төрагасы Кубанычбек Дүйшеевдин айтымында, алар мөөнөтсүз митинг жарыялайт. Мындан тышкары, алар Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовду дагы жоопко тартууну талап кылышууда.
"Рустамов экологияны талкалаганын экологдор айтып жатат. Биз ушу эки аткаминерлерди кызматтан кетирүүнү талап кылабыз", - деди ал.
Эске салсак, буга чейин бирикме саламаттыкты сактоо министринин отставкасын талап кылып эки жолу митингге чыккан. Өткөн жумада Жогорку Кеңеште КСДП фракциясы министр Батыралиевдин ишин канааттандырарлык эмес деп баалаган.