Кыргыздын улуттук баш кийими - калпак эчендеген сыноолорго туш келип, кыргыздардын өздөрүнүн кыйноосуна кептелди. Баштан алып ыргытып, батыштын "кепкасын" кийгенде чыдаган калпак, чет элдиктер келгенде четинен ар бирине кыйнап кийгизгенде чыйралган калпак, кытайлар тигип берсе тойдо баасыз белек катары таратканга түткөн калпак, мончого кийгенге “удобный” дегенге майтарылбаган калпак, кантсе да кыргызды эч чанбаган калпак. Бүгүн дал ушул баш кийимдин баа-баркы тууралуу кеп кылабыз.
Дизайнер Клара Асангулованын айтымында, ал иштеген цехте калпактар кардарлардын буюртмасы менен тигилет. Баасы эмгекке жараша 1600 сомдон 2000 сомго чейин. Бир ай ичинде 200-250 даана калпак сатыларын уккан кулак сүйүнөт. Клара Асангулова алгач калпактын философиялык маанисине токтолуп кетти.
“Калпактын ак кездемеден тигилиши - анын аруулугун билдирет, ак түстөгү кездеме адамды жүдөтүп ысытпайт. Төрт тарабы үстү жагынан бириктирилет. Төрт тарабы төрт маанини берет – от, суу, асман жана жер. Мына ушул төртөөнү калпактын төбөсүндөгү тигилиши бириктирип турат. Калпак күндөн түшкөн жакшы энергияны өзүнө сиңирип алып, аны кийген эр азаматтын тулкусуна таратат. Бул мырзаларга гана таандык болгон баш кийим, кайсы бир мода же кызыкчылык үчүн кыз-келиндердин кийип алуусу же сүрөткө түшүшү туура эмес. Аялдардын өздөрүнө тиешелүү баш кийимдери бар", - деп баштады маектешим өз кебин.
Клара Асангулова кесиби боюнча дарыгер, бирок уз-чеберчилик, кыргыздун улуттук кийимдери анын жан дүйнөсүнө жакын.
“Ак калпакты аруу аппак кийизден,
Алтын колдуу уз айымдар тигишкен.
Аны кийген эр азамат шыктанып,
Ыйык милдет аткарарын билишкен", -
деп жазган Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын баатыры Сүйүнбай Эралиев. Калпакты тигип жаткан кыз-келиндер көңүлүн коюп, жакшы тилек, ак ниети менен иштешет. Бизге келген мырзалар калпакты кийгенде улутка болгон сүйүү күчөй тургандыктарын билдиришет”, - дейт Клара Асангулова.
Ал белгилегендей учурда калпак тандоодо жаш курак көп мааниге ээ болбой калган. Негизинен жарашыгына маани беришет.
Мына бул калпак 1-3 жаштагы балдарга ылайыкталып тигилген. Сол жагына умай эненин оюсу салынган. Сол жак тарап көп учурда жигиттерге тиешелүү болот. Маселен, боз үйдүн сол капталы жигиттер отуруучу орун болуп эсептелген.
3-8 жаштагы балдар абдан ойноок, тентек келет эмеспи. Бул кезде алар адамдардын көзүнө көп чалдыгышат. Ар кандай көздөн сактоо үчүн биздин чоң энелерибиз кийимдерге топчу тигип коюшкан. Мына ушундай көз тийүүдөн коргоо максатында бул жаштагы балдарга ылайыкталып жогорудагыдай калпак тигилет.
“Ал эми эр жеткен жигиттерден тартып жашы улгайып калган агалар, калпакты мурдагыдай куракка карап тандабай калды. Кийип көрүп жарашыгына карап ала беришет. Бул калпакты негизинен жаштар тандап алат. Мында оюу жок, бирок четинде баркыт менен секиртме тигилген. Кандай стилде кийинбесин, ыңгайлуу. Бир кездерде калпактын баркы такыр төмөн түшүп кеткен. Кытайдын синтетика калпактары бүтүндөй өлкөгө тарап, калпакка болгон сый-урмат жоголгон эле. Азыр улуттук кийимдерди, анын ичинен баш кийимди барктагандардын саны өскөнүнө, салтанаттарга кийип баргандар көбөйүп жатканына күбө болуп кубанам”, - деп кошумчалады дизайнер.