Белгилүү төкмө акын Рахматулла Козукеевге Кыргыз Эл акыны наамы берилди. Сыйлыкты президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта тапшырды. Мындай наамга акын Меңди Мамазаирова, Кыялбек Урманбетов да татыды.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 31-декабрда Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду.
Бүгүн сыйлыктарды ээлерине тапшыруу аземи өтүүдө.