Белгилүү актёр Эгемберди Бекболиев "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамын алды. Сыйлыкты президент Алмазбек Атамбаев тапшырды. Бул наамга башка да 4 адам татыды. Аталган сыйлыкты Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисттери Бакыт Шатенов менен Замира Мавлянова да алды.
Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 31-декабрда Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый жана маданий мурасын сактоого жана өнүктүрүүгө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн, ошондой эле Тарых жана маданият жылынын жыйынтыктары боюнча кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Бүгүн сыйлыктар ээлерине тапшырылууда.