Кыргыз паспортторун кылмышкерлер колдонуп жатышканы айтылды

Бүгүн, 6-мартта Кыргыз паспорттору менен кылмышкерлер жашырынып жүрүшкөнү тегерек столдо айтылды.

Талкууга депутат Мирлан Жээнчороев, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев жана эксперттер катышышты. Эскерте кетсек, Түркияда 98 Кытай жараны Кыргыз өлкөсүнүн паспорту менен кармалган.

Башкы прокуратура жалпы жарандык абалды каттоо маалында ысым, фамилияларды алмаштыруу боюнча, 56 факты менен иш козгогон.

"Паспорт биздин атрибуттардын бири. Албетте, мындай жакшы эмес факттар бар. 98 паспорт боюнча азыркы учурга чейин жооп боло элек. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети ал паспортторго жете албай жатабыз. Сарпашевдин айтымында, аларды жасоого 4,5 миң доллардай каражат кеткен. Жасалма паспорттор тууралуу кылмыш иштеринин жарымы токтоп турат. Бул иликтөө иштеринин сапаты тууралуу маалымат берип турат. Ошто 48 паспорт жасаган кызматкерге болбогон суммадагы айып салынган. Тиешелүү деңгээлде жаза берилбегени да паспорт жасоого мүмкүнчүлүк түзүүдө", - деди депутат.

Депутат кылмыш кылган кызматкерлерге кызматтык абалы менен колдонгону үчүн да, кылмыш ишин козгоо керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabaev
2017-03-06 11:41:08
Эээми жеттиби ???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан