Блогерлер тууралуу мыйзам долбоору артка кайтарылды

Блогерлердин интернет тармактарына маалыматты жайылтуудагы чектөөлөр камтылган мыйзам долбоору артка кайтарылды. Бул тууралуу 6-мартта демилгечи депутат Алтынай Өмүрбекова менен жолуккан активист Айбек Баратов билдирди.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине жана “Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2017-жылдын 3-мартында коомдук талкууга коюлган эле. Демилгечи катары депутаттар Акылбек Жамангулов, Алтынай Өмүрбекова, Дастан Бекешов чыгышкан.

Мыйзам долбоорунун максаты коомдук тартипти, мамлекеттик түзүлүштү начарлаткан, жарандын жеке турмушун сактоодо укугун бузган маалыматты жайылтууга жол берген окуяларга бөгөт коюу деп айтылат.

Сунушталган долбоордо миңден ашуун окурманы бар интернет колдонуучусу маалыматты сайтка же өздүк баракчасына жайгаштырууда мыйзамдарды сакташы керектиги жазылган. Анын ичинде мамлекеттик же мыйзамда атайын корголуучу башка сырды ачыкка чыгаруу үчүн, террордук ишти жүзөгө ашырууга ачык чакырыктарды камтыган же терроризмди айкын актоочу материалдарды пайдаланууга жол бербөө, жайгаштырылган ишенимдүү эмес маалыматты токтоосуз алып салуу, жарандык мыйзамдарды бузуу менен жарандын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды жайылтууга жол бербөө, референдумдар жөнүндө жана шайлоолор жөнүндө мыйзамдарда каралган тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоо каралган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
scorp
2017-03-06 12:31:26
Мыйзам кабыл алынса жакшы болмок
-1
sabyr86
2017-03-06 13:25:39
Мыйзам кабыл алынсын,оозуна алы жетпегендин баары ар нерсени жазып отурушат.этика,маданият дегенди унутуп калышты.баары эле саясатчы колунан келгени да келбегени да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан