"Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында Казакстандын эки жараны ок атуучу курал менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 5-март күнү чек арачылар тарабынан 1992-жылы туулган К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү учурунда айдоочу отурган отургучтун алдынан МР-654К тапанчасы октору менен табылган.
Ошол эле күнү 1966-жылы туулган жарандын башкаруусундагы унаанын ичинен ИЖ-18Е ок атуучу куралы алынган. Тиешелүү материалдар толтурулган соң, кармалгандар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Экөө тең Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстандын аймагына өтүүгө аракет кылышкан.