Мамкаттоо кызматы:"98 паспортту Түркиядан талап кылууга укугубуз жок"

Бүгүнкү Кыргыз жарандарынын жасалма паспорттору тууралуу тегерек столдо Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев Түркияда Кытай жарандарынан табылган 98 паспортту талап кылууга кыргыз тараптын укугу жок экенин билдирди.

"Ал паспорттордун маалыматтарын алганбыз. Алардын түп нускасы өз ээлеринде экени аныкталган. Биздин кызматкерлердин көпчүлүгү эски форматта иштешет. Аларды окутуу, мекеменин талдуу жерин аныктоо керек. Бирдиктүү база 2015-жылдан тарта түзүлө баштады. Мындан улам паспорт алууга келген жаран тууралуу маалымат жетишсиз болуп жатат. Улуттук паспорт 12 жылдан бери жаңыртыла элек. Дүйнөлүк тажрыйба боюнча, 5-6 жылда жаңырышы керек. Ошондой эле кызматкерлерге эмгекке умтулууга шарт түзүү зарыл", - деди Дастан Догоев.

Ал эми Мирлан Жээнчороев жарактан чыккан паспортторду жок кылуу боюнча да көйгөйлөр бар экенин белгиледи.

Тегерек столдо жасалма паспортту техникалык жол менен алганга караганда, Мамкаттоо кызматынын кызматкерлери менен келишип алуу оңой экени айтылып, мындан улам кызматкерлерди "тазалоо" зарылчылыгы бар экени кошумчаланды.

Эксперт Наталья Токмулина бир убакта Мамкаттоо кызматына эмгек биржасынан да адамдар алынганын айтканда, төрага ал кезде ал иштебегенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан