Кыргыз Республикасы бир топ көрсөткүчтөр боюнча коңшу өлкөлөрдү басып өттү. Бул тууралуу 6-мартта президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Кыргыз мамлекетиндеги өнүгүүнү, укмуш реформаларды Европа өлкөлөрү айтып жатышканын мисал келтирди.
"Биз өзүбүз байкабайбыз. Билесиӊер жакында Брюсселге бардым. Биздин делегацияны бул ирет абдан урматтоо жана ишеним менен тосуп алганы суктандырды. Евросоюздун жетекчилиги биздин жетишкендиктерди айтып, биздин реформаларды "укмуш" дешти. Жакында Орусиянын президенти Владимир Путин дагы Кыргыз өлкөсү тууралуу жакшы пикирлерин айтты. Иш жүзүндө көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча бардык коңшуларды басып өттүк. 5-6 жыл мурун Кыргыздын келечеги жок, эгемен мамлекет катары картадан жоголот деген пикирлер айтылган. Жөнөкөй жарандардын жашоо-шартынын мисалында караганда тынч, тополоӊсуз жашаган өлкөлөрдөн ашып өттүк. Бул өлкөлөрдүн айрымдарында газ менен мунайдын ири запастары бар", - деди президент.