Кыргыз мамлекетиндеги 64 ишкана кирешелерге салык төлөөдөн бошотулган

Кыргыз Республикасындагы тамак-аш жана өнөр жайды кайра иштетүүчү 64 ишкана кирешелерге салык төлөөдөн бошотулган. Салыктан бошотулган ишканалардын катарында "Ата лТД кондитердик фабрикасы", "Голден сан", "Умут и К", "Бишкексүт", "Шоро", "ШЕР ИНК", "Шин-Лайн", "Акун", "Дан-Юг" бар. "Акун" ишканасына Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова ээлик кылат, ал эми "Дан" ЖЧКсы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын атынан депутаттыкка талапкер Султанбек Тойгонбаевге таандык. Мындай маалыматты интернеттеги социалдык тармактарда талкууга алынып жатат.

Бул боюнча Экономика министрлигинен: "Салык кодексинде айыл чарба продукциясын (товарлардын акциздик тобун өндүрүү үчүн пайдалануудан тышкары) тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын, 3 жылдык мөөнөткө салыктан бошотуу тууралуу жазылган. Ишканалардын тизмеси жана ага киргизүү үчүн тандоо критерийлери өкмөт тарабынан бекитилет. 2013-жылдын 25-январында салыктан бошотула турган ишканалардын тизмеси бекитилген", - деп билдиришти.

Маалыматка караганда 2013-жылдагы кирешелерге салык төлөөдөн бошотуу токтому эки жылдан кийин күчүн жоготмок. Бирок 2015-жылдын 31-декабрында "Салык Кодексиндеги айрым актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, салыктан бошотуу 2018-жылдын 1-сентябрына чейин узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
azamat1978
2017-03-06 18:28:08
Элден башкачабы элге закон бар аларга жокпу ансызда элдин эсебинен жашаган жеп жутар дейт эл.
+2
nur_zhoni
2017-03-06 23:24:22
Кайра ошолорго 2эсе коп салык салыш керек
0
nur_zhoni
2017-03-06 23:24:43
Биздин мамилекет тескери иштейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан