Бишкек шаарындагы Медеров жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөндүн ээлери мамлекеттик тууну тосмо катары пайдаланууда. Бул тууралуу 4-мартта мэриянын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай, мындай абал санитардык-экологиялык инспекция кызматкерлери жүргүзүп жаткан рейд учурунда аныкталган. Кызматкерлер бул көрүнүштү мамлекеттик символду мазактоо деп сыпаттап, аны алып коюуну айтышкан. Бирок дүкөндүн ээлери тууну алып коюуга макул болушкан эмес.
“КРнын мамлекеттик символдору жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, өлкөнүн ар бир жараны жана өлкөнүн аймагында убактылуу жүргөн тургундар КРнын мамлекеттик символдорун кадырлоого, урматтоого милдеттүү. Тууну, гербди жана гимнди мазактаган жарандар КРнын мыйзамдарына ылайык, тиешелүү жоопко тартылат. Мамлекеттик символдорду мазактагандарга 5 миңден 10 миң сомго чейин айып салынат же 41 күнгө эркинен ажыратылат.