Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дарылоо борборуна 3 миллион сомдой жардам берилди

Бүгүн, 6-мартта Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дарылоо борборуна Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан "Чөп тамырлары жана адам коопсуздугу" программасынын алкагында 42 миң 423 доллар (3 миллион сомдой) өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтүлдү.

Гранттык келишимге борбордун директору Салика Калдыбаева жана элчи Ёсихиро Ямамура кол коюшту.

Эмгек жана социалдык коргоо министри Таалайгүл Исакунованын айтымында, гранттык программанын алкагында жылына 600-700 бейтапты кабыл алган Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дарылоо борборуна жардам көрсөтүлүп, бир нече жабдуулар алынат. Ошондой эле министр бул борбор көп жылдардан бери мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланып келип, каражат тартыш болгондуктан, жабдуулар эскирип бүткөнүн кошумчалады.

"Бул гранттын ар бир тыйыны тиешелүү иш-аракетке жумшалат. Грант бергениңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз өлкөсү да келечекте Япониядай болуп, муктаж болгондорго жардам берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деген үмүтүбүз бар, - деди министр.

Өз кезегинде элчи гранттык программаны өлкөбүздүн аймагына 1996-жылдан тарта алып келерин белгилеп, 9 миллион 64 миң 900 долларга 133 долбоорду аткарганын айтты.

"Кыргыз Республикасы боюнча ооруканаларга, окуу жайларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүүнү улантабыз. 3-4 айдан кийин бүгүнкү каражатка алынган жабдууларды алып келип тапшырабыз", - деди элчи.

"Бул жабдууларга муктаждык көп болчу. Биздин колдонуп жаткан жабдууларыбыз бузулуп, оңдотуп колдонуп келгенбиз. Япония тарап алып келе турган жабдуулардын сапаты жогору деп ойлойм. Биздин борборго өлкө боюнча келип дарыланышат. Борбордун сыйымдуулугу 50 адам, учурда бош орун жок. Жабдуулар келсе, дарылоонун сапаты да жогорулайт", - дейт борбордун директору Салика Калдыбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан