Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева кош бойлуу сүрөтүн интернетке жүктөгөн соӊ колдонуучулардын түрдүү сын-пикирине кабылган. Ал пикирлерге карата Шагиева баракчасы аркылуу жооп берген. Анын жазган билдирүүсүнөн кыскача айта кетсек:
"Төмөндө өлкөнүн көпчүлүк жашоочуларында күчтүү жарылуу жараткан сүрөт, аялдарды буюмга айландыруу жана башкалар тууралуу сөз болот. Тилекке каршы, билдирүү калтырууну жаап коюуга мүмкүн эмес, андыктан бардык нааразычылыктар төмөнкү себептерге байланыштуу көӊүл сыртында калат.
Кыскасы, эмне үчүн "адептүүлүккө" жатпаса да, сүрөттү жүктөөдөн "уялган" жокмун жана эмне үчүн бул суроону берген адамдар акылдуураак болушу зарыл?
"Жөнөкөй эмес болуп көрүнүү" түшүнүгү патриархалдык негиздер менен бирге бизге келген социалдык түзүмдүн бир бөлүгүн түшүндүрөт. Викториан доорунда алсак, кызыл ашыкты көрсөтүү уятсыздык болсо, кайсы бир өлкөлөрдө азыркы учурда да бул нерсе "адеби жоктук" деп эсептелинет.
Коомдук адеп, "уят" деп эсептелген нормалар абдан так эмес, маданиятка, убакытка жана башка факторлорго байланыштуу дайыма өзгөрүп турат. Андыктан алар жөнүндө талкуулоонун мааниси жок. Бир нече муундан кийин коом тарабынан эмне кадимки көрүнүш катары кабыл алына турганын кайдан билебиз? Мүмкүн, аялдар акыры жылаӊач көкүрөгү менен жүргөнгө укук алышат? Себеби аялдын көкүрөгү - азыр баары жыныстык катнашка байланыштуу көргөн объект эмес да. Ал эркектерди ыраазы кылуу үчүн эмес, баланы эмизүү үчүн жаралган. Эркектер көкүрөктү сексуалдык объектке айлантышты да, бул нерсеге аялдарды да ишенүүгө мажбур кылышты. Мындай көрүнүштөрдү биз көп жактан көрүп эле жүрөбүз.
Мен тилекке каршы же бактыга жараша, сүрөттө жылаӊач көкүрөгүмдү көрсөтүп турган жокмун. Бирок буга карабай, "сойкудай көрүнөсүӊ" деген сыяктуу дарегиме бир топ сындарды уктум. Көӊүл бурсаӊыздар, бул сөз бир гана аялдарга карата айтылат. Ал эми бул сөздү колдонгон адамдардын аӊ-сезими мындай: Эркектер сексуалдык жактан тажрыйба топтоого укугу бар да, аялдардыкы жок. Себеби аял болуу деген - бул таптакыр адам болбоо жана аз укуктарга ээ болуп, эркекке тиешелүү болосуӊ дегенди билдирет.
Менин денем - анын сексуалдуулугун аныктоо үчүн болгон нерсе эмес. Ошондой эле кош бойлуу экенимди эске алуу менен, сүрөттө сексуалдуу, уят нерсени көргөн болсоӊуз - бул сиздин көйгөйүӊүз. Себеби кош бойлуулук - адептүүлүк жана секс да эмес, бул эне болуу", - деп сөзүн жыйынтыктаган А. Шагиева.