Мирлан Бакиров, депутат: "Президенттин "парламент тарап кетсин" деген сөзүн маалымат иретинде кабыл алдык"

"Президенттин "парламент тарап кетсин" деген сөзүн маалымат иретинде кабыл алдык", - деп бүгүн, 6-мартта SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутаты Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, парламенттин тагдырын убакыт көрсөтөт.

"Парламенттин таркашы боюнча Конституцияда Жогорку Кеңештин статусу жөнүндө мыйзамдарда өзүнүн жол-жоболору бар. Парламент бүткүл дүйнөдө популисттик орган деп да айтылып келет. Себеби ал жакта талкуулар, пикир келишүүлөр, келишпестиктер, бардыгы болуш керек. Талаштан тактык жаралат. Атайын мыйзам чегинде процедуралар бар", - деди депутат.

Эске салсак, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде парламенттин таркап кетишин колдой турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан