Кар көчкүнү видеого тарткан оператор: "Мындай кадрлар дайыма туш келе бербейт"

SUPER.KG порталынын “Элдик видео” бөлүмүнө аскер кызматкерлеринин тоодон кар көчкүнү атып, түшүрүп жаткан видеосу тарады. Видеону көргөндөр кардын көчүп келе жаткандагы сүрдүү көрүнүшүнө күбө болот. Эң кызыгы тасмага тартып жаткан оператордун ал жерден качпай, жанындагы жолдошторун дүрбөлөңгө салгандыгы.

Видеодо “Оператор кач, кач”, - деген кыйкырыктар бир канча ирет кайталанат. Бул видео социалдык тармактарда да кызуу талкууланууда. Биз видеонун автору менен байланышып көрдүк.

Кар көчкүнү көпкө чейин тартып турууга дити жеткен - Нурбек Абдраимов. Ал Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматында эмгектенет. Нурбек видео 22-февралда, Чычкан капчыгайында тартылганын билдирди.

“Бул мен тартып жүргөн биринчи экстремалдуу видео эмес. Буга чейин сел кырсыктарын, өрттөнүп жаткан имараттардын ичине кирип, айтор өзгөчө кырдаалдарды тартып эле жүргөм. Бирок мындай кадрлар дайыма эле туш келе бербейт. “Кач, кач” деген кыйкырыктар күчөгөндө качтым. Бирок такыр корккон жокмун. Кар көчкүнү тартып калганыма сүйүнөм”, - дейт Н.Абдраимов.

Анын айтымында, КС-19 зениттик замбирек менен кар көчкүнү атып түшүрүп жаткандар КРнын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскер кызматкерлери.

Унаа жолдордогу жүргүнчүлөрдү кар көчкү кырсыгынан сактоо максатында алдын ала карды көчүрүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

Жыл башынан бери 625 снаряд атылып, 60 кар көчкүсү түшүрүлгөн.

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүлөрдү түшүрүп жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adelchik
2017-03-06 14:44:48
Мынча грубо суйлошот тобоооо.....
+1
jonne
2017-03-06 15:48:59
Базар жок брат кар кочку туралу кино тарт эми ?
+1
Aza.Zari
2017-03-07 11:09:33
Азаматсыз Нурбек байке, ишинизге иийгилик, биз сиз менен сыймыктанабыз. карындашыныз ))))))
-1
Bakyt-nuru
2017-03-07 14:51:45
Ала - Букалык да
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан