"Парламентти таратуу боюнча укуктук негиз жок", - деп бүгүн, 6-мартта SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.
Эл өкүлү буга чейин болуп келген саясий талаштар мындан кийин дагы улана берерин белгилеп: "Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышында да "парламент таркайт экен" деген сөздөр айтылып келген. Айтылып жүрө турган эле кеп", - деди.
Ошону менен катар эле президент Алмазбек Атамбаевдин "Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу органдан ушак чыгарган органга айланып баратат" деген сөзүн депутат бул мамлекет башчынын жеке ою экенин айтты.
Эске салсак, бүгүн президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде парламенттин таркап кетишин колдой турганын айтты.