"Президент "парламент таркасын" деп түз мааниде айткан жок", - деп SUPER.KG порталына КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.
Депутат билдиргендей, президент парламентте бул маселени көтөргөн кишинин дарегине сыпаттап айтты.
"Мамлекет башчы эгер парламент мындай интригалар, ушактардын айдыңында иштей турган болсо тарап кеткени оң деп айтты. Ал Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу менен иштөө зарыл экенин билдирди. Ал эми бул сөздү түздөн-түз парламентти таркатыш керек деген пикирде кабыл алган туура эмес. Анткени быйыл президенттик шайлоо болгондон кийин парламентти таркатып, кайра шайлоо өткөрүүгө коомчулук, бийлик дагы даяр эмес", - деди Момбеков.
Эске салсак, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев сыйлык тапшыруу аземинде парламенттин таркап кетишин колдой турганын билдирген. 1-мартта ЖКнын жыйынында Текебаевдин иши боюнча каралып жатканда "Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентти таркатуу тууралуу кеп кылган.