Депутат саламаттыкты сактоо министринин отставкасын талап кылгандарды комитеттин жыйынына киргизүүнү сунуштады

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Айсулуу Мамашова саламаттыкты сактоо министринин отставкасын талап кылгандарды комитеттин жыйынына киргизүүнү сунуштады.

"Бул маселени депутаттар эле эмес коомчулук дагы көтөрүп жатат. Бир-эки митинг уюштуруучуларын чакыралы, кайрылуусун айтышсын", - деди Мамашова.

Бул маселе добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.

"Жогорку Кеңеш эки адамды уккандан корксо анда билбейм", - деп Мамашова Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобековага кайрылды. Молдобекова коркуу же коркпоо жөнүндө сөз болбогонун айтты.

Учурда аталган комитеттин жыйыны өтүүдө.

Айта кетсек, бүгүн "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин отставкасын талап кылып митингге чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан