SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөм келбей коёбу деп корком" деген тема талкууга алынды.
Темадагы автордун билдирүүсү: "Турмушка чыкканыма 2 жыл болду, тилекке каршы, балалуу боло албай жатабыз. Жолдошум 1-курсту бүткөндө эле ала качып кетип, кайнатамдар окутабыз дешкен. Бирок бюджеттик негиздеги окуумду келишимдик негизде сырттан окуу бөлүмүнө котортуп коюшту. Учурда 3-курсмун, эми кайын журтум "окубайсың" деп окуумдун акчасын төлөбөй жатышат. Акчасы жок дейин десем, бай жашашат. Анан да дарыгерге көрүнүп, балалуу болуу аракетин көрөйүн десем кайненем "бекер эле убара болуп акчаны коротуп жатасың, сен төрөбөйсүң" деп жанымды кейитти. Жолдошума айтсам, ал акчасы жок экенин айтты. Жиним келип ата-энеме чалып ыйласам, апам "үйгө кел, окууңдун акчасын биз төлөйбүз" деди эле төркүнүмө кетип калдым. Жолдошум чалып, эмнеге айтпай кетип калдың, андай болсо таптакыр келбе" деп телефонду өчүрүп койду".
Темадагы билдирүүлөрдөн: