"Конституцияны өзгөртөбүз деген билермандар көп" дейт Өмүрбек Текебаев

Бүгүн депутат Өмүрбек Текебаев мындан кийинки шайлоолордо бийликке башка команда келип калчу болсо, анда ал команданын Баш мыйзамды өзгөртпөй турганына кепилдик канчалык? деген суроонун тегерегинде пикирин билдирди. "Биз Конституцияны кабыл алып жатканда "Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртө албайт" деген норма киргизгенбиз. 2020-жылга чейин Баш мыйзамда өзгөртүүлөр болуп кетиши саясий кырдаалга байланыштуу болот. Негизи, азыр билермандар абдан көп. Бир убакта бир топтор "парламенттик башкаруу болбойт экен, президентке бийлик бериш керек" деп чыгышкан. Бүгүн эми "Атамбаевдин партиясы баарын ээлеп алды" деген топтор чыгышты. Ушундай оомал нерсе да. Конституция боюнча аталган норманы өз учурунда туура киргизгенбиз деп айта алам" деди эл өкүлү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан