Соода-сатык менен алектенүү үчүн алган насыясын төлөй албай эркинен ажыратылган Гулера Ташматова (фамилиясы өзгөртүлдү) уул-кыздарын сагынып, темир тор артында отурган жашоосун SUPER.KG порталына айтып берди.
"Соода жүргүзүү максатында банктардын биринен акча алып чакан ишкердикти баштадым. Башында жакшы эле иштеп жаткан болчумун. Кийин аны төлөй албай айылдагы тааныштардан жарым миллион сомдой пайыздык үстөгү менен акча алдым. Мүмкүнчүлүгүм болбой, алган карыздарымды төлөй албай калдым", - деп билдирди Ташматова.
Каарманыбыз учурда 60 жашта. 2012-жылдан бери аялдар абагында отурат. Көлөмдүү суммадагы карызы үчүн 8 жылга камалган. Анын 2 уул 1 кызы бар.
"Бул аракетиме азыр аябай өкүнөм. Пенсия жашына келип төрдө ысык чай ичип отургандын ордуна темир тор артында, муздак дубалдардын кучагында жатам. Балдарымды, неберелеримди сагындым. Мен камалгандан кийин жолдошум башка аял алып алды деп уктум. Бүгүнкү күндө таңдын атышын күтүп, күн санап жашап жатам. Алдыда дагы 3 жыл мөөнөтүм калды. Ага чейин балдарым ай сайын келип кабар алып турушат. Мен алардын амандыгын, ден соолугун тилеймин", - деп кошумчалады Ташматова.