Бишкекте жана Токмокто унаа уурдоого шектелгендер кармалды

Бишкекте жана Токмокто унаа уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 52 жаштагы Т.Ж. аттуу Токмок шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз адам ГАЗ 2410 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Ж.И. изи сууй электе кармалган.

Ушундай эле арыз менен Бишкек шаарынын 29 жаштагы тургуну А.Р. кайрылган. Анда ал Дэу Матис үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адам айдап качып кеткенин билдирген. Кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Т.Г. колго түшүп, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан