ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: 29 жыл мурун айтылуу акын Жолон Мамытов көз жумган

Мындан 29 жыл мурун, 1988-жылы 7-мартта айтылуу акын Жолон Мамытов 48 жашында каза болгон. Ал 1940-жылы 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин 1957-1962-жылдары Бишкектеги Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн окуган. 1962-1968-жылдарда Кара-Суу районунун “Катта-Талдык” совхозунда башкы мал дарыгери болуп иштеген. 1968-1969-жылдары Ош облустук радиокомитетинде улук редактор болуп иштеген.

1974-жылга чейин Ош облустук радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде редактор, Кыргыз өлкөсүндөгү кинематографисттер союзунун жооптуу катчысы, “Кыргызстан маданияты” редакциясынын поэзия бөлүмүнүн башчысы, Жазуучулар биримдигинин башкармасынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Ж.Мамытовдун алгачкы ыры 1954-жылы облустук “Ленин жолу” гезитине жарыяланып, кийин чыгармалары республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда жарык көргөн. Бир нече ырлар жыйнагы жарыяланган. Жубайы - акын жана журналист Меңди Мамазаирова болгон.

Анын “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Анын эң белгилүү ыры - Рыспай Абдыкадыров обонун жараткан "Издейм сени" болуп саналат. Айрым чыгармалары орус жана башка элдердин тилдерине да которулган, өзү да Фёдор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

7-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан