Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Анда катышууга Орусиянын, Беларустун, Армениянын, Казакстандын өкмөт башчылары келишти.
Кечээ биринчилерден болуп Армениянын премьер-министри Карен Карапетян келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Кийинки кезекте Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев келди. Аны аэропорттон Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Андан кийин Беларустун өкмөт башчысы Андрей Кобяков баштаган делегация келди. Аны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков тосуп алды.
Андан соң Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев баштаган делегация келди. Аны "Манас" аэропортунан Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
Айта кетсек, бүгүн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына байланыштуу Бишкектеги Фучик, Абдрахманов, Фрунзе, Жибек жолу, Чүй, Манас жана Айтматов көчөлөрүндө унаа каттамга убактылуу чектөө киргизилет.