9-март - Бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү. Буга байланыштуу "Бөйрөк оорулары жана ашыкча семирүү" деген аталыштагы илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Мындай маалыматты бүгүн, 7-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, иш-чара 9-мартта, саат 10:00дө Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана дарылоо борборунда өтөт.
"Конференцияга келген катышуучулулар гемодиализ бөлүмүнүн жумушу менен кенен тааныша алат", - деп айтылат маалыматта.