2-майда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча соттук отурум болду. Соңунда соттун чечими менен депутаттардын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калды жана кийинки соттук отурум 16-майга белгиленди. Ал эми депутаттардын жан сакчылары үй камагына чыгарылмай болду.
Эске салып кетсек, 29-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 1 жыл 6 айга, Талант Мамытовду 1 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Ошондой эле 3-октябрдагы митингде алып баруучулук кылган Кубатбек Кожоналиев акталып, депутаттардын жан сакчылары 1 жылга соттолушкан болчу. Мындан соң айыпталуучу тарап шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылышкан.