Facebook эми жалган жаңылыктарды белгилей баштады

Facebook колдонуучулары эми социалдык тармактагы жалган жаңылыктарды белгилей алышат. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.

Колдонуучулар белгилеген соң, Facebook ал жаңылыктагы факттарды текшерүүчү уюмдарга жиберет. Жалган делген жаңылыктын төмөн жагына кызыл үч бурчтуктун ичинде илеп белгиси жана "Disputed" ("талашта") жазуусу чыгып калат. Ал кабар өчүрүлбөйт, кабарды "жалган" деген мекемелердин тизмеси кошо чыгып калат.

Жалган кабарлар менен күрөшүү оюн Марк Цукерберг 2016-жылы декабрь айында айтып чыккан. Басылмалардын айрымдары бул процедура узакка созуларын жазышкан. Себеби Дональд Трамп тууралуу кабар 26-февралда жарыяланса, 3-мартта гана жалган экени белгиленген.

Мындан сырткары, Facebook "дизлайк" (жактырбоо) белгисин да киргизгени жатат. Азырынча бул жаңы функция чектелүү гана колдонуучуларга Messenger'ге берилген.

Келечекте бул функция учурдагы 6 реакциянын катарына кошулары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Benazir08
2017-03-07 10:26:10
Тушунбойт экем же замандан арттамынбы?!;)
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан