Бишкек-Ош унаа жолунда 76 миң метр кубдан ашык кар көчкү атып түшүрүлдү

Бишкек-Ош унаа жолунда 76 миң метр кубдан ашык кар көчкү атып түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 6-март күнү Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын аскер бөлүгүнөн чыккан артиллериялык топ, кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-135-чакырымдарында жалпы 11 даана снаряд атылып, кар көчкү түшкөн эмес.

"4-марттан тартып Бишкек-Ош унаа жолунун 132-133-135-222-226-231-246-250-255-чакырымдарында атайылап кар көчкүлөрдү түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жалпысынан 75 даана снаряд атылып, болжол менен 76 миң метр кубдан ашык кар көчкү түшкөн", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан