Каракол шаарында люктун ичине камалып калган эки адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-март күнү ӨКМнын 15-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучуларына маалымат келип түшкөн. Анда Каракол шаарындагы Москва жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде үй-жайсыз эки адамдын люктун ичине камалып калганы айтылган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, камалып калган эки адамды люктан чыгарышкан.