ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: 93 жыл мурун атактуу япон жазуучусу Кобо Абэ туулган

Мындан 93 жыл мурун, 1924-жылы 7-мартта япон жазуучусу Кобо Абэ Токио шаарында туулган. Балалыгы Маньчжурияда өтүп, атасы ошол аймактагы медициналык жогорку окуу жайда эмгектенген. Согуш учурунда, 1943-жылы К.Абэ Токиодогу медициналык факультетке тапшырып, 5 жылдан кийин аны аяктаган. Бирок адистиги боюнча иштебей, адабий ишмердүүлүк менен алектене баштайт.

1951-жылы анын "Дубал" аттуу повести жарык көрүп, жазуучуга атактуулук, сыйлыктарды алып келген. Ал эми 1958-жылы илимий фантастика, детектив жанрындагы "Төртүнчү муз доору" чыгармасы чыккан. Ал өзүн Николай Гоголь жана Фёдор Достоевскийдин окуучусу катары эсептеген.

1960-жылдары Хироси Тэсигахарой аттуу режиссёр Кобо Абэнин "Кумдагы аял", "Чоочун жүз", "Өрттөлгөн карта" романдарынын негизинде тасмаларды тарткан. Жазуучу 1993-жылы 22-январда 68 жашында көз жумган.

7-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан