1-майда Жалал-Абад - Казарман унаа жолунун 18-чакырымында Санг Йонг унаасы кырсыкка учурап, натыйжада 9 адам жаракат алып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Жылдызбек Аттокуров билдирди. Айтылгандай, унаанын айдоочусу 40 жаштагы З.Б. рулду 17 жаштагы уулуна берип, өзү жанында отуруп бара жаткан. Кырсыкта унаа ээси көз жумду. “Жол кырсыгына унаанын дөңгөлөгү чыгып кеткени себеп болгон. Айдоочу унаанын техникалык жактан жакшы караган эмес, айрым тетиктери пайдаланууга жарабай, дөңгөлөктөрдүн эскилиги жетип калган”,- дейт Жылдызбек Аттокуров.