Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар чөйрөдө өтүп жатат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков жана Армениянын премьер-министри Карен Карепетян, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышууда.