ЕАЭБдин жыйынында ишкерлерге жакшы шарт түзүп берүү сунушу айтылды

Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин жыйыны өтүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жыйынга келген өкмөт башчыларына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин биримдиктин алкагында ишкерлерге жакшы шарт түзүп берүү боюнча сунушун айтты.

Беларустун өкмөт башчысы Андрей Кобяков өз сөзүндө Кыргыз мамлекетинин ишкерлерге жакшы шарт түзүп берүү сунушун колдой турганын белгиледи. Мындан тышкары премьер-министрлер Кыргыз Республикасынын меймандостугу жана жыйынды уюштуруп бергендери үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

ЕАЭБдин жыйынында экономикалык биримдиктин аймагындагы аткезчилик менен келген товарлардын агымына каршы чараларды киргизүү маселеси каралары күтүлүүдө. Андан кийин биримдиктин интеграциялык мүмкүнчүлүгү бар тармактары жана аларды колдонуу чаралары боюнча маселе каралат. Мындан сырткары 2015-2016-жылдардагы уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн абалы боюнча жыйынтык чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан