2-майда Бишкек шаарынын Дүйшөмбү, К.Жантөшев көчөлөрүндө жана Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жаңы конуштарында жаңы аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн ачылышы болду. Иш-чарага Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Бишкек шаардык ИИББинин башчысы Мелис Турганбаев жана башкалар катышты. Турганбаев шаардагы жаңы конуштарга дагы 40 даана милиция бөлүмчөлөрү ачыла турганын айтты. “Бул бөлүмчөлөрдү ачуунун максаты милиция менен элдин кызматташтыгын жакындатуу болуп саналат. Мурда аймактык милицияга жолугуу үчүн жарандар шаардын бир четинен экинчи четине баруусу керек болчу. Эми бул бөлүмчөлөргө кайрылышып, жашоочулар маселелерин тез чечип алууга шарт түзүлөт”,- деди Мелис Турганбаев.