ЕАЭБдин жыйынында Иран, Сингапур, Камбоджа жана Кытайдын аймагында соода иштерин жакшыртуу маселелери каралды

Бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин жыйынында өкмөт башчылар президент Алмазбек Атамбаевдин сунушун колдоду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян журналисттерге билдирди.

Президент ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолукканда биримдик алкагында ишкерлерге шарт түзүп берүү сунушун айткан.

"Өкмөт башчылары тар чөйрөдө эки маселени карады. Экономика тармагында аналитикалык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Өлкөлөр аны пайдаланып, экономикасын жакшыртууга шарт түзүлөт. Экинчисинде эркин соода маселеси каралды. Иран, Сингапур, Камбоджа ошондой эле Кытай өлкөсүнүн аймагында соода иштерин жакшыртуу маселелери каралды", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан