МЕДИА-ПОРТАЛ: "Аста-аста" клибинде Дайыр Исмадияров өзүн алгачкы жолу режиссёр катары сынап көргөн

Ырчы Дайыр Исмадияров жакында күйөрмандарына "Аста-аста" ырынын клибин тартуулады. Бул клипти тартууда ырчы өзүн алгачкы жолу режиссёр катары сынап көргөнүн айтат.

"Алгач "Кызыл гүлүм" ырымдын клибине кастинг жарыялаган элек. Ага көп кыз-жигитттер катышарын билдиришкен. Анан ал клипти сюжетсиз эле тартмай болдук. Клипке тартам деп сөз берген соӊ аткарыш керек деп, тандалып алынгандарды "Аста-аста" клибине тартууну чечтик. Башкы каарман бала клипке тартылуу үчүн атайын Оштон, ал эми массовкадагы кыздардын бирөөсү Көлдөн келген. Бишкектеги Америка университетинде тартылган.

Буга чейин бир нече клиптеримде режиссёрго жардамдашып, сценарий түзүшүп келген болсом, бул ирет режиссёрлукту толук өз колума алдым. Тагыраагы, режиссёр катары ушул клипте тушоомду кестим десем болот. Албетте, алгачкы жолу болгондуктан анча-мынча кемчиликтерин да байкадым", - дейт ырчы.

Дайыр Исмадияровдун "Аста-аста" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Riokyrgyz
2017-03-07 17:52:28
Кимге жагат ушул ырчы,же ушул ырчынын ырлары,уну?мисалы мага эч жакпайт.
+2
Ronaldo.99
2017-03-07 18:41:23
Аллергия...
+4
Aiko_92_29_08
2017-03-07 19:24:46
Ким бул Дайыр?
0
Ulan2601
2017-03-07 19:38:36
Жакында кино тартпаса эле болду
+7
aitbek.06
2017-03-07 20:30:46
Ulan2601, туура айтасын!
+2
alikjan88
2017-03-07 21:06:45
Кыргызстанда Ырчылардан байбыз Шоо бизнес той бизнеске айланып кетти тойдо жургондор Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти же эл артисти болуп куйгузот кишини......


+3
Ctul08
2017-03-07 21:21:27
Начар,ырды бузган
+3
futboler
2017-03-07 22:22:00
Эми ушул клиптен кийин точно Эл артисти наамын алат, ошондо туура айткан экенсин дейсинер)))
+1
Riokyrgyz
2017-03-08 00:53:22
futboler,эл артистин кийинки ырында алат,азырынча эмгек синирген дегенди алат
0
iskak86
2017-03-07 22:32:25
Алергия бууу
-1
Extremalka
2017-03-07 23:48:41
чынын айтсам, аракеттенет бул бала, бирок ырларынын баары тузу жок боткодой болуп, бир типтуу, жыргаган деле ырын билбейм.
+1
Alimedina
2017-03-08 01:54:23
Клиптери аябай жагат...ийгилик аракети аябай куч..
-1
mikoo
2017-03-08 10:47:18
Жакшы чыгыптыр.
-2
AksyKoitash1985
2017-03-08 13:04:48
Эптеп септеп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан