ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: "Он сегиз жаш" аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева 68 жашка толду

"Он сегиз жаш" аттуу ыры менен белгилүү болгон ырчы Зейнеп Шаакеева 68 жашка толду. 1965-жылы июнь айында азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында концерт өтүп, анда Чүйдүн Киров айылынан келген 16 жашар Зейнеп Шаакеева обончу Аксуубай Атабаевдин "18 жаш", "Чагылган" аттуу ырлары менен чоң сахнага кадам таштаган.

Ал эми 1966-жылы ал Кыргыз улуттук филармониясынын "Эл шайырлар" тобуна кабыл алынган. Зейнеп Шаакееванын элдик ырчы аталышына, шыгынын жанышына, өркүндөшүнө залкар дирижёр Асанкан Жумакматовдун салымы чоң болгон. Ал ырчынын үнүнө, аткаруучулук чеберчилигине төп келген обондору, сөздөрү терең мазмундуу, эл жүрөгүнөн түнөк тапкандай ондогон ырларды иштеп чыккан. Ал өзү жетектеген Карамолдо Орозов атындагы Академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда Зейнеп Шаакееваны ырдатып, калк алдына алып чыккан. Ал обончулар Үсөн Сыдыковдун “Кыргыз күүсү”, “Күн чыгышым”, “Сени ойлосом”, “Өзүңдү эстеп”, Бейшеке Жандаровдун “Жыпары белең баланын”, “Өкүнүч”, Аксуубай Атабаевдин “Таалайбек”, “Чагылгын”, “Он сегиз жаш” аттуу махабат ырларын оркестрдин коштоосунда ырдап чыгып, миңдеген күйөрмандарды топтогон.

8-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
HypcylTAH
2017-03-08 14:26:55
Омурунуз узак болсун. Сиз ырдаган ырлар элдин журогунон тунок таап, эл катмарына синип кеткен.
+2
Nur0701
2017-03-08 15:13:15
Өмүрүңүз узун болсун!
+1
Gulnur1980
2017-03-08 16:04:59
Туулган кунунуз кут болсун!Ар дайым ден соолукта эл алдында бар болунуз эжеке!!!
0
makelen
2017-03-08 20:11:41
Омурунуз узун болсун! Эжеге эмнеге КР Эл артисти наамын бербей келишет. Мындай хит ырларды аткаргандарга башка олколор баалап наам беришет. Бизде эле анан каап дешет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан