Бүгүн, 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамы дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө белгиленүүдө. Бул күнү айымдар мырзалардын өзгөчө көӊүл буруусуна арзып, жагымдуу белек алары талашсыз. Ал эми кыргыз элине белгилүү инсандардын бул майрамды кандай тосору, белгилеп жатканы кызык болсо керек. Төмөндө ырчылар Гүлнур Сатылганова, Жийдеш Идирисова, Айдана Дека, модель Жамийла Ишенбаева майрамды кандай белгилеп жатканы тууралуу SUPER.KG`ге айтып беришти.
Ырчы Жийдеш Идирисова учурда майрамды кызуу белгилеп жатканын айтты.
"Майрам эртеӊ менен эле башталган. Азыр дос-курбулар менен белгилеп жатабыз. Кечке маал бир жерге чакыруу келген. Ал жакка барып ырдаган соӊ Бишкектеги кафелердин биринде белгилейли деп турабыз. Жолдошум майрам деп бүгүн жаткан жериме таӊкы тамак алып келген жок (күлүп).
Эсимде, мындан 3 жыл мурун жигиттер бизге бул майрамга карата аябай шаӊдуу кече өткөрүп беришкен. Күлкүлүү тамашаларды айтып, баарыбыздын маанайыбызды көтөрүшкөн", - деп билдирди ырчы.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова "өнөр адамдары майрам күндөрү элге жагымдуу маанай тартуулоо үчүн эмгектенишет" дейт.
"Бардык айымдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктайм! Ырчылар мындай күндөрдө элге майрамдык маанай тартуулоо үчүн иштешет эмеспи. Андыктан мен да азыр Ош шаарына учканы турам. Маанай эӊ жакшы. Таӊ аткандан тарта жакындарым, дос-күйөрмандардан куттуктоо келип жатат. Кытайда окуп жаткан уулум да WhatsApp аркылуу куттуктады", - дейт эл артисти.
Ал эми модель, "Супер сулуу-2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева "8-Марттын таӊы атамдан гүлдесте алып, анын бетимден сүйгөнү менен башталат" дейт.
"Кичинекей кезимден тарта атам мага, апама, эжеме 8-Март күнү гүлдесте белек кылат. Баарыбызга берип, бетибизден сүйүп, каалоо-тилектерин айтат. Бул жылы да салт бузулган жок. Ошондой эле эртеӊ менен сырдуу адам гүл берип жибериптир. Ким болушу мүмкүн деп ойлонуп жатам. Бүгүн жакындарымды куттуктайм, андан соӊ мүмкүн, дос-курбулар менен бир жерде чогулабыз", - дейт супер сулуу.
Ал эми жаш ырчы Айдана Дека "күнүм телефонго келген майрамдык куттуктоолорду кабыл алуудан башталды" дейт:
"Эртеӊ менен ойгонорум менен таенем майрамым менен куттуктап, бетимден өптү. Андан соӊ мен жакындарымды куттуктадым. Телефонума да тынбай куттуктоолор келип жатат. Күн жакшы башталды. Студиядагы кыздарымды куттуктап, майрамдык маанай тартуулайын деп турам. Анан кечкиге да өзүнчө пландар бар", - деген оюн билдирди Айдана Дека.