Ирактын Тикрит кыштагында үйлөнүү тойдо жардыруу болуп, адам өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, өзүн жардыргандар менен кошо 23 адам каза болуп, ондогон адамдар жабыркаган. Окуя 8-мартта орун алган. Азырынча бул боюнча эч бир террористтик топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек.
Кырсыкты эки адам уюштурган. Алар белине жарылуучу заттарды байлап, өздөрүн жардырып жиберишкен.