Кытайда куш тумоосунан каза болгондордун саны 26га жетти

Кытайда куш тумоосунун жаңы түрү менен ооруп каза болгондордун саны 26га жетти. Кытайдын маалымат булактары билдиргендей, бул дарттын кесепетинен каза болгон учурлар өлкөнүн борбордук бөлүгүндө катталган, ал эми H7N9 вирусу буга чейин Кытайдын чыгыш провинциясындагы жашоочулардан табылган. Аталган вирус тууралуу изилдөө жүргүзүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 1-май күнү H7N9 штаммы адам ден соолугу үчүн коркунуч жаратарын маалымдаган. Ошондой эле аталган уюм инфекциянын жайылышы ылдамдап бара жатканына тынчсыздануусун билдирген. Өткөн аптада Кытайдан тышкары аталган вирусту жуктуруп алгандар Таиланд өлкөсүндө да катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан