Кыргыз мамлекети дүйнө жүзү боюнча жарды өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргыз мамлекети 2016-жылдагы Ички дүң продукциянын көрсөткүчү боюнча дүйнө жүзүндөгү жарды өлкөлөрдүн рейтингинде 148-орунду ээледи. Жыйынтык эл аралык валюта фондунун 189 өлкө боюнча берген маалыматынын негизинде чыгарылган. Бул тууралуу америкалык Глобал финанс басылмасы жазды.

Маалыматка караганда Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы ИПДнын көрсөткүчү жашаган калктын ар бирине эсептегенде 3467 Америка долларына барабар болгон. Бул көрсөткүч дүйнө өлкөлөрүндөгү төмөнкү көрсөткүчтөрдөн болуп эсептелинет.

Рейтингде Ооганстан 167, Тажикстан 157, Өзбекстан 127, Түркмөнстан 74, Казакстан 54-орунга жазылган. ИПД көрсөткүчү төмөн болгон эң жарды 20 мамлекеттин басымдуу бөлүгү Африка континентиндеги өлкөлөр. Бай мамлекеттердин үчилтигине Катар, Люксембург жана Макао кирди.

Ички дүң продукция (ИДП) – мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүн аныктаган негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп, дүйнө өлкөлөрүнүн экономика боюнча ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын мүнөздөп, көрсөтүлгөн мезгил ичинде өсүүнүн тездигин, деңгээлин көрсөтөт. Ички дүң продукциянын ар бир жашаган адамга эсептелинген көрсөткүчү калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчү катарында колдонулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Asman...
2017-03-09 11:33:18
Жеп жутарлар жарылып кетпесеңер болду. Ушундай кабарларды окуп кичине болсо да бетиңер (силердин бет бет эмес чарык,кайыш) кичине чымырайт бекен ээ. Күйбөгөн жерди күйгүзөсүңөр да. Кыргыңстанды жеп бүтмөй болдуңар. Дагы АША мактанып коёт өлгүңдү гана келтирип.
+12
meni_kut
2017-03-09 13:05:48
Asman...,озунор шайладынар Бакиевди кетирип
0
batkendik.18
2017-03-09 11:41:37
Аша теке 120кой дагыда жакшырак иштесенер кийинки жылы акыркы орун болобуз
+6
ABDulHai
2017-03-09 11:47:34
Ё моё мына сага жаңылык эсимден кетпейт эми ушул кабар

Жазбай эле коёт да таң атпай өзү Настроения жок болуп жүргөндө +настроения кылып...ай ай аййй да башка не сөз...
+2
Alixan-Nookat.2015
2017-03-09 12:05:39
Маанай жок эң жарды өлкө уят болдукко толгон токой байлыгыбыз бар колдоно албайбыз бул бийликтеги атка минерлер дин куноосу
+7
tynkatar03
2017-03-09 12:40:55
За то президентти миллионер))
+9
Ulan2601
2017-03-09 12:42:35
Эли бай мамлекети жарды
+1
kemel81
2017-03-09 13:08:46
Ulan2601,эл бай эмес кредит менен жашап жатышат. 100 адамдын 80инде кредит бар. Президент бай, депутаттар бай, чиновниктер бай, бандиттер бай,общем мафия бай.
+4
elchi84
2017-03-09 13:06:34
Жегичтер боюнча биринчи орундабыз.
+4
ruslanz
2017-03-09 13:08:09
Биздин бийликтегилер оздору байыса эле, элди кошо байыды деп ойлошот.Айылдарды аралап корушпойбу.Жакырчылыкты иликтеген уюмдарга ишенишпейт, алар калп айтышат деп.
+4
ruslanz
2017-03-09 13:15:21
Жогоруда бир депутат америкалыктар биздин демокр-га кызыгышат дептир. Америкага барып сурамжылоо кылып келгендей, айтса бироо айткандыр.Биздин жашоо менен амер-дын жашоосун салыштырып болбойт да.
+3
kyrgyz.kg83
2017-03-09 13:32:02
Тфу тфу тфуу
0
Djal1987
2017-03-09 13:53:08
Рахмат Атамбаев!!! Эртен элге чыгып биз дуйнодогу эн бай олкобуз деп суйлоп деле кое берет. Ага баарыбир.
+6
arap00
2017-03-09 14:20:21
Жакшы Жакшы
0
Baatur7777
2017-03-09 14:27:48
Эх ((
0
tyrgon
2017-03-09 14:32:47
мына биздин талыкпай иштеген окмоттун рейтинги молодцы
+1
patrol-kg
2017-03-10 01:14:20
Уят эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан