“Өткөн суткада өлкөдө 7 өрт кырсыгы катталды”. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Айта кетсек, Бишкек шаарында 3, Талас облусунда 2 жана Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Анын биринде Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Калта айылында жайгашкан Э.Б. аттуу адамга таандык 308 чарчы метрдик бастырма күйүп кеткен. Тилсиз жоонун келип чыгышына балдардын отко болгон этиятсыздыгы себеп болгон.