Казань шаарында чет өлкөлүктөрдү ур-токмокко алып жүрүшкөн деп шектелип эки бала колго түштү

Орусиянын Казань шаарында чет өлкөлүктөрдү ур-токмокко алып жүрүшкөн деп шектелип 22 жаштагы Руслан Архипов жана 19 жаштагы Роман Халилов кармалды. Бул тууралуу Татарстандын Тергөө башкармалыгына таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, суракта алар 16-февралда 24 жаштагы студент, Африканын Чад мамлекетинин жаранын бычактаганын моюнуна алышты. Жакын арада сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карамакчы. Архипов менен Халиловдун чет өлкөлүктөргө кол салуу боюнча 6 окуяга тиешеси бар экени айтылууда. Буга чейин алар Кыргыз жаранынын "Мерседес" автоунаасын өрттөшкөнүн видеого тартып, интернеттен тараткан болушу мүмкүн. Ошондой эле алар "2016-жылдын 23-декабрында 40 жаштагы Кыргыз жаранын ур-токмокко алган" деп шектелишүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
duyshon.kg
2017-03-09 20:08:06
Жазасын алсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан