Тынчтык Шайназаров: "Парламенттин тарап кетишин президент колдоп жатса, Аттокуров мамлекет башчыга каршы чыгып жатат"

"Парламенттин тарап кетишин президент колдоп жатса, Данияр Аттокуров мамлекет башчыга каршы чыгып жатат", - деп бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ал депутаттарды "популисттик билдирүү жасады" деп бири-бири күнөөлөбөөгө чакырды.

Буга чейин КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров "Бакыт Төрөбаевдин "парламент тарап кетели" деген сөзү популисттик болбосо "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы кетүү боюнча чечим чыгарып берсин", - деген оюн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан