17-апрель күнү УКМКнын ыкчам чара көрүү кызматкерлери тарабынан контрабандалык жол менен баңгизат ташуучу улуттар аралык канал ачыкка чыгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 3-май күнү билдирди. Тажикстандын С.С. жана Б.З. аттуу жарандары жана Кыргызстандын М.Ш. аттуу жараны мүчө болгон кылмышкерлер тобу баңгизатын Орусияга алып баруу максатында Кыргызстандын аймагынан алып чыгып бара жаткан жеринен кармалышкан. Алынган баңгизаттын (героин) жалпы салмагы 2,9 килограммды түзгөн. Бул окуя боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.